Америкалык окумуштуулар ВИЧ инфекциясы менен каршы күрөшүүчү иммундук клеткаларды жаратышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты.
Маалыматка ылайык, окумуштуулар иммундук клеткалардын ДНКларын модификациялашкан. Жыйынтыгында иммундук клеткалар ВИЧ инфекциясын алып жүргөн клеткаларды аныктап, алар менен күрөштү баштайт.
Бул ыкма менен чычкандарга жасалган эксперименттер өзүнүн оң жыйынтыгын берген.
"Биз алгачкылардан болуп инфекцияга каршы күрөшүүчү дары-дармектерди колдонууну токтоткондон кийин, Т-клеткалар жаныбарлардын организмин коргоорун аныктадык. Кийинки кадамыбыз ВИЧ менен каршы күрөшүүнүн бул ыкмасын лабораториядан клиникалык практикага өткөрүү болуп саналат", - деп билдирген молекулярдык биолог Жеймс Райли.
Мындай ыкма CAR-терапия деп аталып азыркы тапта рак ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Окумуштуулардын айтымында, бул ыкманы иммунодефицит вирусуна карата да колдонууга болот. Изилдөөчүлөр белгилегендей, жаңы клеткалар инфекцияны басып, иммундук системанын начарлашына жол бербейт. Алар ВИЧ инфекцияларын толугу менен жогото алышпаса дагы адамдын организмине жана иммундук системасына зыян тийгизбегендей кылып кармап турат.