АКШда Уинстон Черчиллдин чегип бүтпөй калган сигарасы 12 миң долларга сатылды

АКШда Уинстон Черчиллдин чегип бүтпөй калган сигарасы 12 миң долларга сатылды. Бул тууралуу "Associated Press" агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Бостон шаарындагы "RR Auction" аукцион үйүндө Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчиллдин 1947-жылдын 11-май күнү Париждеги Ле-Бурже аэропортунда чегип бүтпөй калган сигарасы сатыкка коюлган. Сигараны британиялык учкуч Уильям Алан Тернер сактап койгон. Ал Уинстон Черчиллди Лондондон Парижге ташыган. Аукцион онлайн режимде өтүп, сигараны Флорида штатында жашаган, атын атагысы келбеген коллекционер 12 миң долларга сатып алган.
Айта кетсек, "La Corona" маркасындагы сигара атайын буюртма менен жасалган. Анда Уинстон Черчиллдин аты да жазылган.
Уинстон Черчилль Британ өкмөтүн 1940-1945 жана 1951-1955-жылдар аралыгында башкарган. Ал эми 1965-жылы 24-январда каза тапкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-13 16:20:15
Жарыктык киши не кылат аны эми
+4
Tyty1990
2017-10-13 16:54:10
Bolunbo.kyrgyz,акырына чейин чегип койот
+6
isabek1977
2017-10-13 17:55:16
Bolunbo.kyrgyz,Орус оюна келгенди кылат дечу беле. Эми колдонулбай калган даарат кагазы болсо аукционго койсун.
+1
kuba1983
2017-10-13 16:33:12
Бизнес бул да. Бир куну келип ал киши да сатыка койот сигарды.
0
Isco23
2017-10-13 16:46:34
Пичок го хаха биз деле сатсак болсо кк ее жарым чегилгендерди
+2
FCBMESSI
2017-10-13 17:00:19
Isco23,чегилген насвай сат
+5
Isco23
2017-10-13 18:39:01
FCBMESSI,аны сен сатасын
0
Syn4y
2017-10-13 17:03:02
Isco23,пичок эмес бычок болот
+3
Isco23
2017-10-13 17:52:17
Syn4y,е брат ее атына затын жарашкан сынчы экенсин))
+2
talas0707
2017-10-13 17:04:15
путинге чектирип сактап койуш керек. Бир убакта баа болот. Жакшы бизнес!!!
+3
kg-patriot
2017-10-13 17:13:26
Атамбаевге чектирип жарымын бекитип койуш керек экен кийин канчага сатаар экенсинер ошонусу кызык
+5
aiba-889290
2017-10-13 17:26:49
Атамын бычокторун бекинииип чекпей,топтоп коё бербептирмин.
+6
alikgz
2017-10-13 19:04:35
Адам баласы канча бай болуп Акчасы коп болсо ..Акылы кем болот...
отто Акылдуу болсо акчасы кем болот....

эмнеге жашоо мындай...экен силер билбединерби?
+2
talas0707
2017-10-13 19:13:28
alikgz, акылдуу болгон учун ошол денгеелге жетти да. Акчаны кантип табыш керек екенин билишет.
0
BakytAliev
2017-10-14 02:56:22
Чайнаган сагызын да коет экен жакында )) (тамаша)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан