2012-жылы каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков негизги иш ордунан 490451 сом киреше тапкан, ошондой эле ага таандык 51,5 чарчы метр аянтты ээлеген 1 батир бар. Бул маалымат аталган мамлекеттик кызматкердин 2012-жылдагы кирешеси жана мүлкү боюнча тапшырган декларациясында көрсөтүлөт. Ал эми анын жакын туугандары бир жыл ичинде 398170 сом киреше тапса, алардын наамында 60,8 гектар аянтты ээлеген 1 батир бар. Байгончоков өзүнө жана жакындарына таандык кыймылдуу мүлкү тууралуу маалымат көрсөткөн эмес.