Талас. Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында Балдар күнүнө арналган майрамдык иш-чара өтөт

31-май күнү Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу 29-майда аталган райондун акиминин орун басары Айжамал Шамбетова билдирди. Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада Бакай-Ата районундагы ата-энесиз балдарга майрамдык маанай тартуулоо иретиде атайын сынактар өткөрүлмөкчү. Ошондой эле балдарга бекер балмуздак таратылат. Кошумчалай кетсек, аталган район боюнча 38 томолой жетим бала бар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан