27-май күнү Бишкектин Алёна Миронова аттуу тургуну Ленин РИИБинин кызматкерлерине кызынын жоголуп кеткендигин айтып кайрылган. “Кызымдын телефонуна чалсам өчүк. Мектепке кеткен бойдон келген жок” деген арыз ээси. Ленин РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө жүргүзүп, кыздын курбу кыздары, мугалимдерин баарынан сураштырышкан. Натыйжа чыкпаганда кыздын телефонундагы акыркы чалууларды текшертип Жанна Жайыл районундагы курбу кызы менен телефон аркылуу байланышканын билишкен. Мындан улам укук коргоо кызматкерлери Чүй ОИИБинин кызматкерлери менен байланышып, 28-майда Жаннанын курбу кызынын үйүнө барганда жоголгон кыз ошол жерде болуп чыкты. “Кызымды эч жерден таппай койгонумда милиция кызматкерлерине кайрылууга аргасыз болдум. Кызымды тапкычакты убакты биз үчүн токтоп калды. Укук коргоо органдарына рахмат айтам”,- дейт Алёна айым.