"Фабрика" тобунун экс-солисткасы, ырчы Сати Казанова турмушка чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн интернеттеги баракчасына жарыялады.
Белгилүү болгондой, ырчынын күйөөсү италиялык сүрөтчү Стефано Тиоццо. Бир жылдан ашык убакыт Сати жеке жашоосу тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартып келген. Август айынын аягында, ырчы сүйүүсүнө жолукканын жана анын жанында өзүн бактылуу сезип жаткандыгын айтып, жакынкы арада турмушка чыгарын маалымдаган.
Ырчынын сүйүктүүсү Туринде жашайт. Шоу-бизнестен алыс адам. Жаш жубайлар үч үлпөт той өткөрөрүн айтышкан. Эң алгачкы үлпөт тою ырчынын Кавказдагы туугандары үчүн, экинчиси Москва шаарындагы достору үчүн, үчүнчүсү Стефанонун Туриндеги туугандары үчүн өтөт.
14-октябрь күнү жаш жубайлар Кавказ улуттук кийимдерин кийип, ал жактын салты менен той өткөрүштү. Тойго ырчынын бардык жакындары Фиагдон шаарына чогулушту. Стефано Сатинин ата-энеси жана жакындары менен мурда эле таанышып жакшы мамиле түзгөнгө үлгүргөн: "Сүйүктүүм менен ата-энем мурдатан эле тааныш болчу. Стефано орус тилин үйрөнүп жатат, жакында анын ата-энесин конокко чакырып Кавказ жерин жана каада-салтын көргөзөлү деп жатабыз", - деп билдирген ырчы.