ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаарындагы №5283-шайлоо тилкесинде дагы деле шайлоо баштала элек, эл кайтып кетип жатат" дейт окурман

Ош шаарындагы Черемушка кичи районундагы Терешкова атындагы мектепте жайгашкан №5283-шайлоо тилкесинде добуш берүү башталбай жатат. Мындай маалыматты "Соңку кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу окурман жөнөттү.

"Саат 08:00дө башталат деген шайлоо бул тилкеде баштала элек. Саат 09:00гө жакындаса да бул жерде шайлоочулар кезекте турушат. Айрымдары жумуштарына шашылып, кетип калышты", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ajdaaar
2017-10-15 09:04:18
БШК шайлоого баары даяр деп жатпады беле?!!
+3
meku89
2017-10-15 09:05:09
Мына даярдык. Эч кандай мучулуштук жок башталат деген БШК.
+2
Nazaroff1974
2017-10-15 09:10:54
Канчадан берет экен.которулдубу?
-7
Nurkyz1977
2017-10-15 09:48:37
Бабанов алга.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан