Бүгүн, 29-май күнү Бишкек шаарында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 21 жылдыгы белгиленет. Буга ылайык, борбордук “Ала-Тоо” аянтында учурда даярдык жүрүүдө. Майрамдык иш-чарада аскердик парад болуп, жоокерлер уруш өнөрүнүн ыкмаларын көрсөтүшөт. Ошондой эле белгилүү ырчылардын коштоосунда концерттик программа тартууланат. Учурда аталган аянтка аскер техникалары алынып келинди. Иш-чара саат 18:00дө башталат.