Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районундагы №1164-шайлоо тилкесинде добуш берүү 2 саатка жакын убакытка кечиктирилип башталды. Мындай маалыматты бүгүн, 15-октябрда окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу билдирди.
"Шайлоону саат 08:00дө башталат деп көпчүлүгү жумушка барардан мурун келишкен. Бирок 2 саатка жакын шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн башталышын күтүүгө туура келди. Добуш берүү саат 10:00гө жакын башталды. Ага чейин күтүп отургандар болду, бирок шашып кетип калгандар добуш бере албай калышты", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.