Мария Шарапова 15 айлык дисквалификациялоодон кийинки алгачкы жеңишине жетти

Кытайдын Тяньцзинь шаарында 9-15-октябрь аралыгында өткөн айымдар теннис ассоциациясынын (WTA) мелдешинде орусиялык теннисчи Мария Шарапова жеңүүчү аталды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Маалыматка ылайык, аталган мелдештин финалында Мария Шарапова 2 сеттин жыйынтыгында 7:5, 7:6 (10:8) эсеби менен беларустук Арина Соболенкону жеңип алган.

Эскерте кетсек, Мария Шарапова WTA рейтингиндеги экс-лидер жана ири "Чоң шлем" түркүмүндөгү мелдештердин жеңүүчүсү. Допинг колдонгону үчүн 15 айлык дисквалификациялоодон кийин жаз мезгилинде кайрадан теннистик кортко кайтып келген.

Учурдагы жеңиш анын дисквалификациялоодон кийинки алгачкы жеңиши болуп саналды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zalkar_Shamaldy-Sai
2017-10-15 18:22:55
Оо молодец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан