Быйыл өлкөдө 209 бүтүрүүчү мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктайт
2012-2013-окуу жылында артыкчылык аттестатына талапкер
1308 мектеп бүтүрүүчүсүнүн ичинен билим деңгээлин баалаган атайын сынакка 1244 окуучу катышкан. Алар кыргыз тили
жана кыргыз адабияты, математика, Кыргызстандын тарыхы, орус тили жана орус адабияты
сабактары боюнча сынак тапшырышкан. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
билдиргендей, сынактын жыйынтыгында 209 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына татыктуу экендиги белгилүү болду.