Ысык-Көл. "Кумтөрдүн" 2 кызматкерине карышкыр кол салды
“Кумтөр” ишканасынын бир кызматкери карышкырга таланган
абалда, дагы бир жаран кызматкерге жардам
берип жатканда жеңил жаракат алып Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилди. Бул
тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери
Токтобай Маанаев кабарлады. Маалыматка таянсак, жабырлануучулар 1969-жылы туулган Т.Ачакеев менен
1975- жылы туулган А.Шералиев учурда оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланууда. Алардын абалы туруктуу. "Кумтөр"
ишканасына өтүүчү жолду митингчилер тосуп салгандыктан, жабырлануучулар башка жол аркылуу өтүп келе жатканда токойдон карышкыр кол салгандыгы айтылууда.