Ысык-Көл. "Кумтөргө" барчу жолду тоскон митингчилер министр Темир Сариевдин келишин талап кылышууда

27-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында башталган нааразычылык митинги дагы деле уланууда. Чогулгандар "Кумтөр" ишканасына өтүүчү унаа жолду жаап салышкан. Жалпысынан 150дөй киши чогулуп, нааразычылык акциясынын уюштуруучулары “Кумтөр“ боюнча маселени караган мамлекеттик комиссиянын келишин талап кылышууда. Алардын бири Эрмек Жунушбаев буларды айтат: “Эки күн убакыт бердик, биздин талаптарыбызды чечип бербесе анда "Кумтөр" ишканасы тарапка көтөрүлүп чыгабыз. Ошондой эле негизги  талабыбыз "Кумтөр" боюнча маселени иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы  Темир Сариевдин биздин алдыбызга келиши”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан