Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын кир катар көчөлөрүндө жол оңдоо иштери жүрүп, айрым көчөлөрдө бул иштер аягына чыгып калды. Белгилей кетсек, көчөлөр республикалык, шаардык бюджеттин, демөөрчүлөрдүн жана Түркиядан алынган насыянын эсебинен оңдолууда. Ал эми ишти “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы, “Эстейт-Сервис” жана “Асдель” жоопкерчилиги чектелген коомдору жасап жатат. Төмөнкү сүрөттөрдө Гагарин, Чапаев, А.Токомбаев көчөлөрү берилди. Бул иштер шаардыктарды, айрыкча айдоочуларды кубантары талашсыз.