Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө мектептердин жана кесиптик окуу жайлардын 49 миң бүтүрүүчүсү катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тестирлөөнүн жыйынтыгы тууралуу сертификаттар республиканын мектептерине жана тестирлөө борборлоруна 18-июндан 20-июнга чейин жеткирилет. Тестирлөө ачык жана жеткиликтүү түрдө өткөндүгүн айтат министрлик. Ал эми тестирлөөнүн жүрүшүн Билим берүү жана илим министрлигинин, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү, ата-энелер жана мугалимдер көзөмөлдөштү.