Ысык-Көл облустук Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Насипбек Калмурзаевдин билдирүүсүнө ылайык, облус боюнча 25-26-май күндөрү айдоочулардын 27 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Белгилей кетсек, алардын ичинен 34 айдоочу мас абалында кармалган. Мындан сырткары 26 унаа учурда айып аянтчасына токтотулду. Ошондой эле 2 күн ичинде 4 жол кырсыгы болуп, 3 адам каза тапса, 9 киши ар кандай жаракат алган.