Турсунбай Бакир уулу: "Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүлүп жатканы чындык"
“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушун жана өлкөдөн чыгып кетүүсүн изилдеген депутаттык комиссияга кысым көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу депутаттык комиссиянын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу билдирди. Айтымында, учурда комиссиянын чечимине бардык мүчөлөр кол коюшкан. “Депутаттык комиссияга карата кысым болуп жаткандыгы чындык. Ошол себептен чечимди батыраак жалпы жыйынга алып чыгууну көздөдүк. Кысым ким тараптан болуп жаткандыгын айтпай эле турайын, бир сааттан соң баары ачыкка чыгат”,- деди эл өкүлү. Белгилей кетсек, депутаттык комиссиянын чечиминде премьер-министрге жана президентке башкы прокурор Аида Салянованы, башкы прокурордун орун басары Людмила Усманованы, вице-премьер-министр Шамиль Атахановду, Ички иштер министри Абдулда Суранчиевди жана анын орун басары Фурхат Үсөновду, ошондой эле ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиевди кызматынан четтеттүү сунушуну бар.