Футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабы: Кыргыз курамасы Непал командасын ири эсепте жеңди

Ирандын Тебриз шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Непал курамасын жеңип алды.

Аталган мелдештин 2-турунда Кыргыз курама командасы Непал курамасы менен беттешип 5:0 эсебинде жеңип алды.

Беттеш башталары менен Кыргыз курамасы чабуулга чыгып эсеп санын ачканга жетишти, Максат Алимов 1-мүнөттө таамай сокку менен эсепти 1:0 кылды. Муну менен Кыргыз футзалчылары токтобой, 5-мүнөттө Актай Таштановдун голу менен 2:0 эсебинде алдыга чыкты. 13-мүнөттө Уланбек Байгазы уулу гол киргизип эсепти 3:0 кылды.

2-таймды Кыргыз курамасы кайрадан натыйжалуу чабуул менен баштады. 21-мүнөттө Кыргыз курамасынын капитаны Эмил Канетов эсепти 4:0гө жеткирди. Ал эми беттештин аягында Актай Таштанов 2-голун киргизип, 5:0 эсеби менен Кыргыз курама командасы бул мелдеште 2-жеңишине жетти.

Эске салсак, кечээ, 15-октябрда Кыргыз курамасы Түркмөнстан менен беттешип 5:3 эсебинде жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aiman0303
2017-10-16 19:01:34
Azamatsynar
0
Nurik.1100
2017-10-16 19:02:27
Азаматсынар менин бир боорлорум... окунучтуусу ошол ойунун коро албагандыгыбыз
+1
FCBMESSI
2017-10-16 19:18:29
Озбекстан дарбазасынада голдорду толтургула Алга Кыргызстан
+2
kanybek1986
2017-10-16 19:49:49
Озбекстан мн качан ойнойт
0
PROS
2017-10-16 19:52:35
Молодцы!
0
sakuna
2017-10-16 20:11:42
Воооо ууу сооонун жанылык. Азаматсынар! Ийгилик Жана ийгилик.
0
Dembele84
2017-10-16 21:09:43
Тузук!
+1
Platon96
2017-10-17 04:02:56
Аллах силерди озу колдосун,Сооронбайдан кудай озун сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан