Феликс Кулов Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын кароону 5-июнга жылдырууну сунуштады
Парламенттеги көпчүлүк коалициянын лидери Феликс Кулов Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушун иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын кароону 5-июнга жылдырууну сунуштады. Мындай сунушту төрага Асылбек Жээнбеков ЖКнын 29-майдагы жыйынында депутаттарга билдирди. Кулов мунун себебин комиссиянын отчётун алгач коалициялык көпчүлүккө кирген фракцияларда карап чыгуу керектиги менен түшүндүрдү. Ал ошондой эле парламенттин мурдагы жыйынында оппозициялык фракциялар Азиз Батукаев боюнча маселени кароого кийлигишпей турганын жана бардык жоопкерчилик көпчүлүк коалицияга жүктөлөрүн билдиргенин да кошумчалады. Бул сунуш добушка коюлуп өтпөй калды, аталган маселе бүгүнкү жыйында каралат. Добуш берүүдө 49 депутат "макул" деп добуш берди.