2015-жылы Кыргызстанда Куралдуу күчтөрдүн бириккен координациялык борбору түзүлөт

2015-жылы Кыргызстанда ички жана тышкы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча күч түзүмдөрүн багыттап туруучу бирдиктүү борбор түзүлөт. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев 29-майда билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн Куралуу күчтөрү реформалануунун алдында турат. “Болуп өткөн түштүк окуялары күч түзүмдөрүнүн абалды жоюу, кандайдыр бир социалдык, улут аралык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча байланышы жоктугун көрсөттү. Бул тажрыйба күч түзүмдөрүн бириктирүү зарыл экендигин айгинеледи. Бириккен координациялык борборсуз кризистик абалдарга ыкчам чара көрүү мүмкүн эмес”,- дейт Табалдиев. Учурда президентке жөнөтүү үчүн Куралдуу күчтөрдү реформалоо боюнча нормативдик актылар даярдалып жаткандыгын да кошумчалады Коргоо кеңешинин катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан