Таласта "Сапат" лицейинин 15 окуучусу ууланды. Дарыгер алар эмнеден ууланганы белгисиз дейт

Талас облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар боюнча дарыгери Абакир Сулайманов.Жугуштуу оорулар боюнча дарыгер Абакир Сулайманов SUPER.KG порталына Таластагы "Сапат" лицейинде ууланган балдар тууралуу айтып берди.

"Кечээ, 16-октябрда саат 10:00дө Талас облусунун ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнө "Сапат" лицейинин 6 окуучусу түшкөн. Аларга амбулатордук жардам көрсөтүлгөндөн кийин балдар жакшы болуп чыгарылды. Эртең менен лицейдеги башка балдарды да барып текшердик. Ал жакка барганыбызда дагы 4 бала өздөрүн жаман сезип жатышыптыр. Бейтаптарды ошол жердеги дарыгерлердин көзөмөлүнө тапшырдык. Окуучулар эмнеден улам уулангандыктарын так айта албайм. Себеби азыктарды текшерүү үчүн эми анализ алынды. Бирок ошол күнү кечки тамакка фрикадельки берилиптир. Ошондон болушу мүмкүн деп жатабыз. Анализге алалы десек, ал тамактын калдыктары жок экен. Азыр текшерилип жатат 2-3 күндө жыйынтыгы чыгып калат.

Кечээ ууланды делген 6 баладан тышкары бүгүн, 17-октябрда дагы 5 бала жатты. Абалдары жакшы, алар да эртең чыгышат. Лицейдин кызматкерлери биз айткан дары-дармектерди алып келип жатат", - деди Сулайманов.

Таластагы "Сапат" лицейинин окуучулаары фрикаделкиден ууланышы мүмкүн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
thirteen
2017-10-17 16:48:06
koysonchu eee, daariger bolgondon kiyin bilish kerek... Massalyt otrovleniye, demek tamak ashtan...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан