ЖЫЛНААМА, 17-ОКТЯБРЬ: "Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко 47 жашка толду

Орусиялык жана кыргыз ырчысы Светлана Назаренко 47 жашка толду. Ал 1970-жылы 17-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Учурда "Город 312" тобунун солисти, сахнадагы ысымы Ая. 2015-жылы 21-декабрда ырчы "Бишкектин ардактуу атуулу" наамы менен сыйланган. 2016-жылдын 15-октябрында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган. Светлана Назаренко туулуп-өскөн шаары Бишкекте чыгармачылыгын баштаган. Анын кыргыз тилинде "Сен менин жазылбаган ырларымсың", "Сыйкырчы", "Баарын түшүнөм", "Эсимде" сыяктуу көптөгөн ырлары бар.

Белгилей кетсек, быйыл "Город 312" тобунун негизделгенине 15 жыл болду. Топ ушул жылы Жалал-Абад, Ош, Бишкек шаарларында өткөн концерттерде ырдаган.

Светлана Назаренко "Супер-инфо" гезитине берген маегинде "Биз өлкөбүздүн патриотубуз. Жыл сайын Ысык-Көлдө эс алабыз. Менин оюмча, биздин көлүбүздөн өткөн керемет жер жок. Ысык-Көл тууралуу маектерде айтып мактап, болушунча жарнамалайм. Кийин Ысык-Көлдө жашагым келет. Бирок мен ал үчүн телегейи тегиз карылыкта жашаганыма шарт түзүп алышым керек", - деп айткан.

Ая жеке жашоосу тууралуу маалымат берүүнү каалабайт, бирок сүйүктүү мырзасы бар экенин жашырбайт. Анын айтымында, үйдө эркек киши тамак жаап, кир жууган сыяктуу жумуштарды аткарбашы керек.

17-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан