Бүгүн, 29-майда ЖКнын жыйынында “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушу жана өлкөдөн чыгып кетүүсү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечими каралууда. Аталган комиссиянын төрагасы Болот Шер окуянын катышуучуларынын телефондук сүйлөшүүлөрүн алууга мүмкүнчүлүк болбогонун билдирди. "Комиссиянын ишине баа берүү вице-премьер-министрдин иши эмес, анын ишине баа берүү депутаттардын иши. Бекеринен Шамиль Атаханов маек берип жаткан учурда депутаттык комиссиянын ишинен майнап чыкпайт десе керек. Бирок аны Атахановдун өзүнө койдук”,- деди Шер. Ошондой эле ал Батукаевдин бошотулушу акылга сыйбай турган окуя экендигин билдирди. ЖАМК, сот, прокуратура, Мамлекеттик чек ара кызматы, УКМК, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана укук коргоо органдарынын көз жумду мамилеси экендигин айтты. “Кыргызстандын алдында ант берген министрлер, мамлекеттик кызматкерлер кимге иштеп жатышат?”- деди ал.