Жогорку Кеңеште Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечимин угуу убактылуу токтотулду

Бүгүн, 29-майда ЖКнын жыйынында “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушун жана өлкөдөн чыгып кетүүсүн изилдеген депутаттык комиссиянын чечими угулууда. Анда аталган окуяны иликтөөдөн кийинки чечим менен тааныштырып баштаган комиссиянын төрагасы Болот Шер материал менен тааныштырууну убактылуу токтотту. Буга техникалык мүчүлүштүктөр себеп болду. “Компьютерге флешкарта туура келбей жатыптыр. Бул аппараттын иши. Флешкартаны калыбына келтирүү үчүн жарым саат талап кылынат экен. Азырынча башкаларга сөз бере туралы”,- деди төрага Асылбек Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан