Теги бельгиялык болгон америкалык актёр жана режиссёр, каскадёр Жан-Клод Ван Дамм бүгүн, 18-октябрда 57 жашка толду.
Ал Бельгиянын Беркем-Сент-Агат аттуу жеринде бухгалтер менен гүл сатуучунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жан-Клод Ван Дамм төрөлгөндөн кийин апасы жумушун атасына өткөрүп берип жалгыз уулун тарбиялоо менен алектенген. Учурдагы актёрду бала кезинде арык чырай, назик, көп ооруган улан болгон дегенге көбү ишенбейт. Бирок анын бала кези дал ушундай сүрөттөлөт, ал тургай 5 жыл бою классикалык балетке катышып, Париж операсына чакыруу алган.
Баланын көп ооруганына кейиген атасы 10 жашында аны белгилүү каратистке алып барган. Бир жыл спорт менен машыккан бала оору дегенди унута түшкөн. Аны карате менен машыктыргандар андан мыкты спортчу чыга турганын айтышкан.
16 жашынан тартып профессионалдык спортко аралашкан Жан-Клод карате боюнча кара курга ээ болуп, беттештерде жеңиштерге жетишкен.
Бирок ал биротоло спортту тандабагандыгын 1981-жылы далилдеп, досу менен Голливудга кеткен. Адегенде айдоочу, кийин карате боюнча машыктыруучу болуп эмгектенип 1984-жылы алгачкы ролго ээ болгон.
50дөн ашык тасмаларда роль жараткан, чымыр денелүү актёрдун жылдызын жандырган тасмалар - "Кровавый спорт", "Кикбоксёр", "Самоволка", "Двойной удар", "Универсальный солдат", "Трудная мишень", "Патруль времени", "Неудержимые 2" жана башкалар.
Жан-Клод Ван Дамм 2 жубайы менен ажырашкандан кийин, 1986-жылы бодибилдинг боюнча Америка чемпиону, фотомодель Глэдис Португез менен таанышып, үйлөнүп Кристофер аттуу уулдуу жана Бьянка аттуу кыздуу болушкан.
18-октябрга карата жылнаама.