Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гепатит С оорусун алып жүргөн 220 миңдей адам бар. Бул тууралуу “Өнөктөштүк түйүнү” ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев бүгүн, 29-майда билдирди. Анын айтымында, аталган илдетке чалдыккандардын 1 жылдык дарылануудан өтүүнүн суммасы 15000 долларды түзөт. Ошондой эле “5000дей онкологиялык илдетке кабылган адамдар эмчек рагынан дарылануу үчүн дары-дармекке муктаж” деп кошумчалады ал. Ал эми аталган ооруну дарылоо үчүн бир жолку берилүүчү дарынын баасы 45000 сом турат.