Декларация: Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 2012-жылы 469950 сом, жакын туугандары 2 миллион сомдон ашык киреше тапкан
Бир жылдык кирешеси жана жалпы мүлкү тууралуу тапшырган декларациясына көз жүгүртүп, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун 2012-жылы негизги иш ордунан 469950 сом маяна алгандыгын көрүүгө болот. Ошондой эле ал документте Асанов 3 батири (аянттары жазылган эмес) жана Мерседес үлгүсүндөгү 1 унаасы бар экенин көрсөткөн. Ал эми анын жакын туугандарынын 2012-жылдагы кирешеси 2155000 сом болгондугу жана Хонда CRV үлгүсүндөгү унаага ээлик кыла тургандыгы белгиленген.