Өлкөгө жыл сайын чет жерде жүргөн 300дөй кыргызстандык жарандын сөөгү келет. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди. Айтылгандай, кыргызстандыктардын сөөгүн өз мекенине алып келүү үчүн бюджеттен 2,7 миллион сом бөлүнгөн. “Бул каражат чыгымдарды жабуу үчүн жетишсиз. Жардам үчүн кайрылгандардын көпчүлүк бөлүгү документтерди чогултуудагы кыйынчылыктардан улам компенсация ала алышпайт. Мамлекеттик органдар жол-жоболорду жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн жана компенсацияны сөөктү мекенине алып келгенден кийин эмес, ага чейин алуу мүмкүнчүлүгүн кароосу зарыл”,- деп билдиришти ассоциациядан.