Бүгүн, 29-майда ЖКнын жыйынында депутаттарга “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин “Манас” аэропортуна келип, каттоодон өтүп жатканда тартылып алынган видео тасма көрсөтүлдү. Видеотасмадан Батукаев эжеси Яха Батукаева менен бирге аэропорттун VIP-залынан каттоодон өтүп жаткандыгын көрүүгө болот. Ал учур саат 23:13 болгон. Ал эми азыр депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шердин чечим менен тааныштыруусу аяктап, талкуу үчүн депутаттарга сөз берилүүдө.