Жоомарт Сапарбаев: “Ак кан илдети менен ооруган адам дарыланбаса 3 аптада каза болуп калат"

“Ак кан илдети менен ооруган адам химиятерапиясы жок, дарыланбай койсо 3 аптада каза болуп калат экен”,- деди бүгүн, 29-майда ЖКнын жыйынында Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү, ЖКнын депутаты Жоомарт Сапарбаев. Айтымында, бул тууралуу маалыматты эл өкүлүнө иш тажрыйбасы мол дарыгер айткан. “Мен бир белгилүү дарыгерден ушул боюнча сурадым. Батукаев Нарындын түрмөсүндө 40 күн жатып, анан кантип тирүү боюнча калган. Видеотасмадан көрсөтүлүп жатпайбы, өзү кадимкидей эле басып бара жатканы. Ошондой эле кылмышкерди ЖАМКнын кызматкерлеринин коштоп жүрүшү - чоң мыйзам бузуу. Ал эми аэропорттон 13 мүнөттүн ичинде Батукаевди каттоодон өткөрүп жиберишти. Азиз Батукаевдин өзү жок кезде эле аны каттоодон өткөрүп коюп жатышат. Бул дагы чоң мыйзам бузуучулук”,- деди Сапарбаев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан