Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга болгон иш сапары уланууда

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча бир күндүк иш сапары менен бүгүн, 29-майда Астанага барды. Маалыматка ылайык, өлкө башчы Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин башчылары менен жолугушууларды өткөрдү. Айта кетсек, Астанада өлкөлөр ортосундагы интеграциялык процесстерге байланыштуу маселелер талкуулана турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйналышы өтүүдө. Ага  Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко, Украинанын президенти Виктор Янукович жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев катышууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан