Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз менен депутаттын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда SUPER.KG порталына Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.
"Биз Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун Аида Саляновага чыгарылган өкүмүнө макул эмеспиз. Мындан улам апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылдык. Биздин арызда депутатты толугу менен актоо өкүмүн чыгарып берүү өтүнүчү бар", - деп билдирди Жакупбекова.
Маалым болгондой, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Аида Салянованы күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыраткан. Сот Кубанычбек Касымбеков өкүм Салянованын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирерин белгилеген.