Жогорку Кеңеште депутаттар менен ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиевдин ортосунда пикир келишпестик жаралды

“Азиз Батукаев түрмөдөн башкача себептер менен чыгып кетсе бир жөн эле. Ал соттун чечими менен ден соолугуна байланыштуу мыйзамдуу түрдө чыкты”,- деди бүгүн, 29-майда ЖКнын жыйынында ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиев. Депутат Жоомарт Сапарбаевдин суроосуна жооп берип жатып, ал “айрымдардай болуп бирде башканы, экинчисинде башканы сүйлөбөйм. Көркөмдөбөй сүйлөңүз, биз Батукаевди өлкөдөн узаткан жокпуз. Аны бирөө өлтүрүп кетпесин деп гана карадык. ЖАМКнын атайын кызматын ар кандай шарттарда кандай ойлосом ошондой колдоном”,- деди ал. Буга жооп кылып депутат Жоомарт Сапарбаев ЖАМКнын атайын кызматынын ишине кылмышкерди узатуу кирбестигин айтты.  

Ал эми депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шер Зарылбек Рысалиев суроолорго так жооп бериши керектигин айтты. “Бул эрке, ээнбаш генерал эмне деп сүйлөп жатат? Биз ЖАМКнын чогулушунда отурабызбы же парламенттин жыйынында отурабызбы? Рысалиевди тартипке чакырыңыз, урматтуу төрага”,- деди Шер.  

Ал эми эл өкүлү Өмүрбек Текебаев ЖАМКнын башчысы “Ата Мекен” партиясын каралап жаткандыгын билдирди. “Батукаевди узатканыңыз чындык, ал көрүнүп эле турбайбы. Депутаттык комиссия тууралуу ММКларга туура эмес сөздөр менен маалымат бериптирсиз. Президент Бакиев да, Акаев да парламент түзгөн комиссияга мындай мамиле кылган эмес. Рысалиев “Ата Мекен” партиясын себепсиз каралай бербесин”,- деди Текебаев.  

Төрага Асылбек Жээнбеков жыйындын катышуучуларын сабырдуулукка чакырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан