Өкмөт фермерлерге Беларусь тракторун лизингге алуу үчүн 18 күбөлүк тапшырды

Бүгүн, 29-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев фермерлер менен жолугушуп, аларга Беларусь 82.1 үлгүсүндөгү тракторлорду лизингге алуу үчүн 18 күбөлүк тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Премьер-министрдин айтымында, лизингге берилүүчү айыл чарба техникаларынын санын көбөйтүү үчүн бийлик тийиштүү деңгээлде иш алып барууда. “Өкмөт кооперативдерге бириккен фермерлерге олуттуу колдоо көрсөтөт. Эгер фермерлер кооперативдерге бириксе, анда аларга заманбап айыл чарба техникаларын лизингге алуу жеңил болот”,- деди өкмөт башчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан