КҮНСЕРЕП: Бербестин ашы бышпас. Кыргыз Казактын 10 жыл берилбей келген жардамынан баш тартты

Бүгүн, 24-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз Республикасы Казакстандан берилмекчи болгон 100 миллион долларлык жардамдан баш тартты. Жардамдан баш тартабыз деген кепти алгач президент Алмазбек Атамбаев 15-октябрда, добуш берип чыккан соң айткан эле. Көп өтпөй маселени Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы комитети, бүгүн Эл аралык иштер комитети менен Экономикалык жана фискалдык саясат комитети карап, колдоого алышты. Жакынкы күндөрү парламент жалпы жыйында карайт. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Кыргыз тараптын бул аракетин "өзүн өзү сыйлоо" деп түшүндүрүп, Казакстан бийлиги бериле элек жардамды улам айтып, Кыргызга басым жасап жатканын билдирди.

Бул эмне болгон жардам эле? 2005-жылы Нурсултан Назарбаев Бишкектеги иш сапарында биргелешкен фонд түзүлөрүн айткан. Казакстан 2007-жылы Кыргыз-Казак фондун түзүп, ишкерликти колдоо үчүн Бишкекке 100 миллион доллар инвестиция кылмак. Кыргыздын Экономика министрлигинин өкүлү Канат Абдрахманов аталган фонд 2012-жылы гана түзүлүп, 2015-жылы Кыргыздын ЕАЭБге киргенине байланыштуу жоюлуп кеткенин айтат. Ошентип ишкерлер фонддун үзүрүн көрүшкөн эмес. Муну Абдрахманов "уюштуруу иштерине жана талаштарды чечүүгө көп убакыт сарпталганы" менен түшүндүрөт. 100 миллион доллар фондго 3 транш (33 пайыздан) менен берилмек. Бирок Казак тараптын талаптары катаал болгондуктан Кыргыз ишкерлери фонддун акчасын пайдалана алган эмес, ал эми шартты жеӊилдетүү сүйлөшүүлөрү узакка созулуп натыйжасыз бүткөн. Ошентип, 2014-жылы Евразиялык экономикалык союзга мүчө Орусия, Беларусь жана Казакстандын лидерлери долбоорду жаап, анын каражатын Кыргызга ЕАЭБге кирүү мезгилинде техникалык-экономикалык жардам формасында берүүнү чечишкен.

Кыргыз мамлекети аталган альянска 2015-жылы мүчө болду. 2016-жылы декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊештин жыйынында өлкөгө аталган 100 миллион долларлык жардам жөнүндө келишимге кол коюлган. Документти Жогорку Кеӊеш ратификациялаган дата - 2017-жылдын июну. Өкмөттүн маалыматына караганда жардам техникалык жана акчалай түрдө берилүүгө тийиш болчу. Бул жардамга ЕАЭБдин жаӊы мүчөсү - Кыргыз тарап бажы бекеттерин, лабораторияларын жаӊылап, ЕАЭБдин талаптарына ыӊгайлашып алышы керек эле. Макулдашуу Жогорку Кеӊеште каралып жатканда депутаттар өкмөткө сырттан келчү жардамга ишенип отура бербей, өз алдынча акча издөөнү да сунушташкан. Кыргызда 15-октябрда президенттик шайлоо өтпөсө, Атамбаевдин ачуу сыны коӊшулардын уйкусун бузбаса, мүмкүн бул маселе мындай тездикте күн тартибине коюлбайт эле. Президенттик шайлоо күнү Атамбаев 10 жылдан бери берилбеген жардамды мындан ары күтүүнүн кереги жоктугун айтты. Бул окуяда Казак жетекчилигинин позициясы, Кыргызга белгилүү макалдагыдай “жебеген самсага пул төлөтүү” аракети болду.

Жардамдан баш тартуу демилгесин комитеттердин колдоп жатышы ансыз да "өз позициясы жок" деп сындалып жүргөн Жогорку Кеӊешке карата сындарды күчөттү. Саясатчы Равшан Жээнбеков президент эмне десе да парламент дээрлик 100 пайыз колдоп жатканын айтып, мындай Жогорку Кеӊештин барынан-жогу жакшы деген оюн билдирди. “Президент Кыргызга ГЭСтерди курууну “Русгидрого” берүүнү чечти эле 97 пайыз депутаттар колдошту, жок “Русгидрого” бербейбиз деди эле кайра эле 97 пайыз депутаттар колдоп беришти. Президент Казакстандан 100 миллион доллар жардам алууну чечти эле 97 пайыз депутат колдоп, кайра Казакстандын 100 миллион доллар жардамынан баш тартабыз деди эле дагы 97 пайыз депутаттар колдоп жатышат. Эгерде бул 97 пайыз бардык иште президентке макул болсо, анда булардын кереги жок”, - дейт Жээнбеков.

100 миллион доллардын эсебинен жасалат делген иштерди эми өкмөт кантип бүтүрөт? Кыргыз өкмөтү 2016-жылы 170 миллион сомго 4 заманбап лаборатория куруп, 12 лабораторияны оӊдогон. Мындан тышкары чек арадагы бир катар өткөрүү бекеттерин жаӊылаган. 100 миллион доллар жеке бийликке арналган жардам эмес, ал 6 миллион сандуу өлкөнүн жарандарынын жашоосун жакшыртууга жумшалуусу керек болчу. 25-октябрда Арменияда ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтөт, ага премьер Сапар Исаков баштаган Кыргыз делегациясы катышат. Жыйында Кыргыз-Казак кризиси да талкууланары күтүлүүдө. Союздаштардын кийлигишүүсү менен кырдаал өзгөрүп кетүүсү мүмкүн. Бир нерсе анык, жардамдан баш тарткан соӊ Кыргыз өкмөтү жеке өзү эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөтүшү керек болот. Ошентип өлкө башчысынын эмоциясы өкмөттү сырттан келүүчү жардамга таянбай өз алдынча аракет көрүүгө түрттү...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан