“Батукаевдин түрмөдөн чыгышы - биздин ага багынып бергенибизди далилдейт”,- деди 29-майдагы парламент жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев. Айтымында, прокуратура жана башка органдар Батукаевдин абактан мыйзам чегинде чыгарылгандыгын айтып жатышканы жалган. “Абакта өтө катуу ооруган адамдардын баарын эркиндикке чыгаруу керек деп мыйзамда жазылган эмес. Өтө катуу ооруган адамдын кылган кылмышы да каралышы керек. Ал түрмөдөгү эрежелерди сактадыбы? Сүрөттөрдөн Батукаевдин камерада чучук жеп, виски ичип отурганын көрдүк. Мен түшүнбөйм, ошол жагдайларды эске албай чыгарып жиберип, кайра "мыйзамдуу чыкты" деп турасыздар. ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиев жолдон бирөө өлтүрбөсүн деп кам көргөндүгүн айтты. Өлбөсүн деп түрмөдөн чыгарып жатышат. Өлтүрсө өлтүрүп кетсин, мени деле үйгө баргыча бирөө өлтүрүп кетиши мүмкүн, баарыбыз эле өлөбүз. "Камчы Көлбаев экөө мушташып, аны атып кетишет" деп да чыгышыптыр, Батукаев өлүп кала турган болсо атышпайт эле да. 18-январда Зарылбек Рысалиев 6-7 жылдан бери чечендер аны түрмөдөн чыгаруу аракетин жасаганын айтып жатат. Бул операция мурунтан даярдалган”,- деди Текебаев.
Айта кетсек, парламентте "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп жана Кыргызстандан чыгып кетишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралууда.