Депутаттар экономика министри комитет жыйынына катышпаганына нааразы болушту

Бүгүн, 23-октябрда парламенттин Бюджет жана финасы комитетинин депутаттары экономика министри Артем Новиков жыйынга келбегенине нааразы болушту.

Комитеттин төрагасы Таабалды Тиллаев экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевден министрдин келбегени боюнча суроо берди.

Иманалиев Новиков Астана шаарында иш сапары менен жүргөнүн айтты. Тиллаев кийинки жыйындарды калтырбай келиши керек экенин билдирди.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын лицензиялык–уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан