Трамп шайлоодогу жеңиштеринин урматына атыр чыгарганын жарыялады

АКШнын президенти Дональд Трамп 2016 жана 2024-жылдардагы президенттик шайлоолордогу жеңишине арналган эки атыр чыгарганын жарыялады.

"Атырлар "Жеңиш 45-47" деп аталат. Анткени алар жеңиш, күч жана ийгилик. Жыпар жыт эркектер менен аялдар үчүн",- деп жазган ал Truth Social социалдык тармактагы баракчасында.

Трамп өзүнүн баракчасына атырдын сүрөтүн да жайгаштырды. Таңгак эркектер үчүн кара, айымдар үчүн кызыл түстө берилген. Атырдын бөтөлкөсүндө аты-жөнү жана Трамптын кол тамгасы бар. Бөтөлкөнүн капкагында президенттин алтын жалатылган статуясы да бар.

Жыпар жыттуу каражаттын баасы бир бөтөлкө үчүн 199 доллардан 249 долларга чейин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан