Башкы прокурор Аида Салянова атайын прокурор Майрамбек Акматалиевди депутаттардын чабуулунан "коргоду"
Бүгүн, 29-майдагы парламент жыйынында башкы прокурор
Аида Салянова атайын прокурор Майрамбек Акматалиевди депутаттар жөнү жок,
далилсиз күнөөлөп жатканын билдирди.“Акматалиев Нарынга дарылануу үчүн барган. Себеби
ал аталган облуста каттоодо турат. Мурун Нарында иштечү, бул жакка кийин которулуп
келген. Куру сөз менен аны күнөөлөп жатасыздар”,- деди Салянова. Белгилей кетсек,
жыйындын жүрүшүндө депутат Турсунбай Бакир уулу Нарында Азиз Батукаевге байланыштуу
соттук отурум болордун алдында атайын прокурор Майрамбек Акматалиев, судья
жана дарыгерлер тар чөйрөдө жолугушуп, соттун кандай жүрүшү тууралуу пландуу сценарий
даярдашканын билдирген болчу.