Депутат Исмаил Исаков 29-майдагы ЖКнын жыйынында Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушун иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечимин кароону эртең улантууну сунуш кылды. “Азыр кээ бир депутаттар четинен кете баштайт. Менин бул сунушумду добушка коюңуз”,- деди ал. Ал эми депутат Турсунбай Бакир уулу бул маселени бүгүн карап, бир жаңсыл кылып бүтүрүү керектигин баса белгиледи. “Күндө кысым болуп жатат, бизде да бала чака бар. Эртең карайлы дегени туура эмес, бизди деле аяп койсоңор боло”,- деди эл өкүлү. Айта кетсек, Бакир уулу аталган депутаттык комиссиянын мүчөсү.