Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан курулуштун кулап түшүшүнө прораб, автордук көзөмөл жана техникалык көзөмөлдү жүргүзгөндөр жоопкерчилик алышат. Бул тууралуу курулуш көзөмөл башкармалыгынын адиси Шараф Ачылдиев билдирди.
Анын айтымында, жумуш учурунда коопсуздук эрежелери бузулгандан улам жүрүп жаткан курулуш кулап түшкөн. "Жумушту алып барып жатканда техникалык көзөмөлдү жүргүзгөн адис жана прораб тыкыр текшерүү жүргүзүшү керек болчу. Азыр эмне себептен мындай болуп кеткенин анык айта албайм. Муну айтыш үчүн биринчи келип карап, ар бир адис кагаз түрүндө өзүнүн оюн жазып бериш керек. Учурда курулуш иштери токтотулду. Эми прораб, автордук көзөмөл жана техникалык көзөмөлдү жүргүзгөндөр жоопкерчиликке тартылат. Биз бир апта мурда рейддин алкагында техникалык көзөмөл боюнча текшерүү жүргүзүп эскертүү бергенбиз. Ошол кагаз аркылуу кийинки текшерүүнү жүргүзгөнгө 30 күндөн кийин гана уруксат берилет",- деди Ачылдиев.
Эскерте кетсек, бүгүн саат 14:10 чамасында Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндө жүрүп жаткан курулуш кулап түшкөн. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча 6 адам жабыр тарткан.