Фучик атындагы сейил бакта Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлөт

31-майда борбор шаардагы Фучик атындагы сейил бакта 1-июнь - балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата балдар үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаралардын уюштуруучусу - Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясы. Анда балдар чыгармачылык жамааттарынын, бий ансамблдеринин катышуусунда чоң программадагы концерт уюштурулат, ошондой эле балдар чыгармачылыгынын көргөзмөсү өтөт. Программада ар кыл тематикадагы кароо-сынактар, спорттук мелдештер болуп, белектер жана балмуздактар таратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан