Япониялык тез даярдалуучу кесме өндүргөн компания тамак жеп жатканда добуш чыгарбай турган вилка ойлоп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, компаниянын өкүлдөрү смарт-вилка япондуктар менен чет өлкөлүктөрдүн ортосундагы негизги көйгөйлөрдүн бирин чечүүгө жардам берерин айтышкан. Башкача айтканда, чет өлкөлүктөр япондуктар кесме жеп жатканда чыккан үндү жаман көрүшөт.
Вилкага орнотулган микрофон кесме желип жаткандагы үндү басып, маалыматты телефонго жиберет. Вилканын баасы 130 доллар (болжол менен 9 миң сом) турат.