Бүгүн, 30-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Асанбай кичи районундагы № 21, 23, 25-көп кабаттуу үйлөрдө, Месарош, Серпухов, Исанов, Москва, Манас көчөлөрүндө, Ак-Өргөө конушунун Саманчы көчөсүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Жайыл районундагы Жон-Арык, Жайыл айылдарында, Москва районунун Беловодск, Ак-Суу айылдарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул чектөөлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.