Митингчилер "Кумтөргө" барчу жолду ачпаса, күйүүчү майдын жоктугунан өндүрүш иши токтоп калышы мүмкүн
Ысык-Көл облусунун Саруу айылында жол тоскон митингчилер "Кумтөр" ишканасына барчу жолду ачпаса, күйүүчү майдын жоктугунан аталган алтын кениндеги өндүрүш иши токтоп калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Кыргыз алтын" акционердик коомунун төрагасы Дилгер Жапаров 29-майда телеканалдардын бириндеги талкуу учурунда билдирди. Айтымында, бул өтө кооптуу учур. Анткени "Кумтөрдө" 1 күн иш токтосо, мамлекетке олуттуу экономикалык чыгым алып келиши мүмкүн. "Нааразычылык акциясына чыккандарды сабырдуулукка чакырат элем. Анын үстүнө Ысык-Көлдө туристтик сезон башталды. Мындай көрүнүш жергиликтүү тургундардын өздөрүнө да зыян алып келет. Инвесторлорду да чочутабыз",- деди ал.