ЭЛДИК КАБАР: "Жалал-Абад шаарынын чоң көчөлөрүнүн биринде казылган 2 чуңкур шаар тургундарына жолдон өткөндө ыңгайсыздык жаратууда" дейт окурман

Жалал-Абад шаарындагы чоң көчөлөрдүн бириндеги казылган чуңкурлар шаар тургундарынын жолдон өтүшүнө ыңгайсыздык жаратып жатканын окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө WhatsApp аркылуу билдирди.

"Бул жерге салынып жаткан кичинекей сейил бакты 15-майга чейин бүтүрөбүз дешкен. Бирок азыр тротуарда казылган 2 чуңкурдан ыңгайсыздык жаралып жатат. Коляска менен өтө албайбыз, ал эмес жөө адамдар дагы айланып өтүп жүдөдүк. Бул жерден адамдар заводго, паспорттук столго, калкты тейлөө борборуна, мектепке катташат, жок дегенде ушул эки чуңкурду жазга чейин бүтөп турса жакшы болот эле", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Karban86
2017-10-24 17:08:46
Шаарда толтураго мындай ямалар
+1
alikgz
2017-10-24 22:24:27
жалал абатта кудайга шугур ондолбогон кочолор ондолуп асфалт басылып жатат...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан