АКШда 94 жаштагы жаран бийиктиктен парашют менен секирип, Жорж Буштун рекордун жаңылады

Ар дайым кыймылда жана көтөрүңкү маанайда жүрүү - картаюунун алдын алат. Мындай ураанды америкалык Эйла Кэмпбелл карманат. Ал туулган күнүнүн 94 жаш курагын белгилөө үчүн бийиктиктен парашют менен секирип, кыялын орундатты. Ал АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш-улуусунун койгон рекордун жаңылады. Президент парашют менен секирген эң кары адам катары 90 жашында саналса, Кэмпбелл 94 жашында мындай эрдикке барып отурат. Эйла 3048 метр бийиктиктен секирген.

"Мындай тобокелчиликке жана эр жүрөктүүлүккө курагы жапжаш адамдардын баары эле бара алышпайт. Секирүү абдан жеңил аткарылды жана жерге да жумшак түштү", - деп сүйүнөт экстремал апанын инструктору.

"Кийинки жылы ким бар, ким жок экенине эч ким кепилдик бербейт. Ошондуктан бул кыялымды быйыл туулган күнүмдө ишке ашырууну туура көрдүм", - дейт Кэмпбелл.

Жакындары Эйланы оптимисттик көз караштары үчүн гана эмес, анын позитивдүүлүгүн жана тамашакөйлүгүн да жакшы көрүшөт. Ага парашют менен секирүү абдан жакканын жана мындай секирикти ал дагы бир ирет жасагысы келип жатканын айткан.

АКШда 94 жаштагы кемпир парашют менен секирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан