Сингапурлук Арам Пан аттуу фотограф Түндүк Кореянын борбору Пхеньяндын асмандан тартылган сүрөттөрүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал ушул жылдын сентябрь айында Түндүк Кореянын бийлигинен борбор шаары Пхеньянды асмандан сүрөткө жана камерага 360 градуста айлантып тартууга уруксат алган. Натыйжада эң эле жабык өлкөлөрдүн катарындагы Түндүк Кореянын борборунун көз жоосун алган көрүнүшүн көрүүгө бүткүл дүйнө элдерине мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Аталган видео жана сүрөттөрдөн башка өлкөлөрдөгүдөй жайнаган адамдарды, сандаган унааларды жана тыгынды көрүүгө болбойт. Ошол эле учурда асман тиреген имараттар, өзгөчө курулуштар көз жоосун алат.
Айта кетсек, Түндүк Корея дүйнөдөгү эң жабык өлкө катары саналып, туристтерди аз санда гана кабыл алат. Туристтерге өлкө ичинен сүрөт, видео тартууга уруксат берилбейт. Мындан тышкары Түндүк Кореяда интернет да чектөөгө алынып аны колдонууга мамлекеттик кызматкерлердин гана укугу бар. Жөнөкөй жарандар болсо Түндүк Кореянын өзүнүн интернет желесин колдонушат.
Буга чейин дүйнөлүк ЖМКлар Түндүк Кореянын жакыр жашаарын, өлкөдө диктатура орноп экономикалык жактан аксай турганын жазып келишкен. Бирок биз сүрөттөн көрүп тургандай Түндүк Кореянын борборунун көрүнүшү жакырчылыктын эмес бардар жашоонун элесин берип турат.