ЖЫЛНААМА, 25-ОКТЯБРЬ: Бай-манаптарды сындап ырдап сүргүнгө айдалган Токтогул Сатылганов 153 жыл мурун туулган

153 жыл мурун улуу акын, комузчу жана ойчул Токтогул Сатылганов Жалал-Абад облусундагы азыркы Токтогул районунун Жаз-Жийде айылында кедей-кембагалдын үйүндө туулган. Анын атасы Сатылган жамактатып ырдаган ырчылыгы бар, куйкум сөздүү куудул болсо, энеси Бурма сөздү жамактатып сүйлөй билген, ырга да шыктуу эл оозуна алынган кошокчу болгон. Токтогулдун чыгармачылыгына, төкмөлүгүнө түрткү берген анын ата-энеси болгон. Анткени алар Токтогулга кыргыздын оозеки чыгармаларынан: ырларынан, жомоктордон, дастандардан айтып берип турган.

Акындын ата-энеси өмүр бою жакыр турмушта жашап, байларга малай болушкан. Токтогул да 12 жашынан Казанбак байдын койлорун баккан. Турмуштун далай кыйынчылыгын башынан өткөргөн Токтогулдун ырчылыгы 13 жашында эле айыл арасына белгилүү боло баштаган. Анын ырчылык сезиминин эрте ойгонушуна өзүнүн оор турмушу менен элдин кыйын турмушу себеп болгон.

Акын алгачкы мезгилдеги чыгармаларында бай-манаптардын зордукчулугун, социалдык теңсиздикти ашкерелеп, карапайым калктын теңчилик заманды эңсеген үмүт-тилегин туюнткан. “Беш-Каман”, “Чакырбай сүткор”, “Эшен-калпа”, “Үйчүлүк эшен”, “Муратбек” сыяктуу ырларында ал эл тарабында туруп, алардын таламын талашат. Токтогулдун бай-манаптарга, эл башчыларына арналган ырлары бүгүн да баасын жоготпой келет. Анткени акындын ырларында адамзаттын түбөлүктүү бүтпөс проблемалары жатат.

“Беш-Каман” ырынан үзүндү

Жетим, жесир алсызга
Карабадың, беш каман,
Жетилсин деп жардыны
Санабадың, беш каман.
Жеп-ичкенден башканы
Каалабадың, беш каман.
Он асыйга бир жыктың
Орозаалы карыны.'
Бүтүн элдин акысы —
Өмүрүңдүн жарымы.
Көралбайсың жардынын
Жакшы ат таап мингенин,
Акмат, Дыйкан, Атакан,
Көркоолугүң бул сенин.

Мындай ырларынан кийин акын жергиликтүү төрөлөрдүн көрсөтүүсү менен падышалык бийлик тарабынан 1889-жылы камакка алынып, 7 жыл Сибирге айдалган. Сүргүндө жүргөн жылдары акындын азаптуу турмушунан алынган ар кайсы темадагы туткун ырларынын цикли пайда болот: “Айланган тоонун бүркүтү”, “Ушундайбы сурагың”, “Азапка түштү өмүрүм”, “Туткундагы арман”, “Туткун ыры”, “Качып келе жатканда”, “Элиме качан жетемин”.

1904-жылы ал сүргүндөн туткундардын жардамы аркылуу түрмөдөн качып чыгып, кеч күздө өзүнүн туулуп-өскөн жери Кетмен-Төбөгө жеткен. Сүргүндөн кийин чыгармаларында “Жерди көргөндө”, “Эңсеген элим, аманбы?”, “Туткундан келгенде”, “Эзилдим шумдук заманда” жана башка ырлары таандык.

Токтогул нускоочу акын катары санат-насыят, терме, үлгү ырлардын көп түрүн түзүп, пейзаждык, сүйүү, өмүр темасындагы ырлар менен катар көп сандагы айтыштарды жараткан. Төкмө акын болуу менен “Манас”, “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, “Шырдакбек”, “Кедейкан”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Саринжи Бөкөй” деген элдик дастандарды аткарган. Анын чыгармачылыгы ыр чыгаруу, дастан айтуу менен гана чектелген эмес, ал өз доорунун чебер комузчусу да болгон. Токтогул “Жаш кыял”, “Эмне кызык”, “Гүлдөп ал”, “Насылкан”, “Күлүйпа” деген обондорду, “Токтогулдун тогуз кайрык”, “Токтогулдун кербези”, “Чоң кербез”, “Арман кербез”, “Токтогулдун ботою” жана башка күүлөрдү жараткан.

Элдик фольклордук салтты улантуучу жана аны өнүктүргөн чоң талант, кыргыз адабияты менен искусствосунун улуу классиги, интернационалист жана патриот акын нускалуу өмүрдү жашап өтүп, өзүнүн артында өлбөс чыгармачылык мурас калтырып кетти.

Т.Сатылганов 1933-жылы дүйнөдөн кайткан.

Кыргызстандын көп мектептерине, Кыргыз улуттук филармониясына, өзү туулуп-өскөн районго анын ысымы берилип, 1965-жылдан адабият, искусство жана архитектура жаатында Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы белгиленген. 1969-жылы “Кыргызфильм” студиясы тарабынан “Токтогул” деген көркөм фильм тартылган.

25-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан