Германиялык модель Хайди Клум Хэллоуин майрамын өтө жакшы көрөт. Ал 16 жылдан бери дүйнө жүзүнө белгилүү болгон жылдыздардын катышуусунда майрамдык кече өткөрүп келет. Жыл сайын өткөн кечеге модель укмуштуудай, өзгөчө кийимдерди кийип ар кандай образдарды жаратат.
Алгачкы жылдары модель Хэллоуин майрамында көп кийилчү вампирдин же болбосо мышык аялдын образында эл алдына чыкса, жыл өткөн сайын оригиналдуу, өзгөчө образдарда чыга баштаган.
2002-жылы кызыл көйнөкчөн Хайди вампирдин образында
2003-жыл
2004-жыл
2005-жыл
2006-жыл
2007-жыл
2008-жылы модель денесин бүтүндөй көк түскө боёп, көп колдуу болуп барган.
2009-жыл
2010-жылы Хайди Клум кечеде башка планетадан келген адамдын образын жараткан.
2011-жылы модель Кинг-конгдун сүйүктүүсү болгон.
2013-жылы Клум өзүнүн образын "карыгандагы мен" деп атап, анда моделди көпчүлүк тааныган эмес.
2014-жылы Хайди чоң, кооз көпөлөккө айланган.
2015-жылы болсо мультфильмдеги каарманга айлануу үчүн 10 сааттан ашык убактысын короткон.
2016-жылы жылдыз өзүнө куюп койгондой окшош кыздардын коштоосунда келген.
Модель бул жылкы Хэллоуин майрамына кандай образды тандап алат көпчүлүккө кызык болууда.